Баткен шаарында Сүлүктү көмүрүнүн тоннасы 8000 сомдон сатылууда. Элдин муктаждыгына жараша кара алтындын баасы жыл сайын эле ушул мезгилде кескин кымбаттайт. Күн жылуу учурда килограммы 5 сомго чейинки баада сатылып келген көмүрдүн баасын бирдей кармап туруу мүмкүн эмес. Анткени, тажикстандык соодагерлер жеринен кымбат баада буюртма беришет. Ал эми аба ырайынын кескин суукташы менен муктаждык күчөп, баанын көтөрүлүшүнө себепкер болууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги болсо кара алтындын килограммын 8 сом деп баалаган. Андан жогору баада саткан ишкерге 15 миң сом айып пул салынат. Баткен облусуна кыш айлары үчүн 70 миң тоннадан ашуун көмүр керектелсе, Тажикстанга жыл сайын мындан 2 эсе көп сатылууда.