Москва шаарында кыргызстандык мигранттарды кабыл алып, кеп-кеңеш берүүчү жай ачылды. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин демилгеси менен Орусиянын борбор шаарында жаңы имарат салынып, ал жакта иштеп, жашап жаткан мекендештирибизден жеринен кабар алып турат.
Москва шаарындагы Ордынка көпүрөсүнөн алыс эмес жерде жайгашкан Кыргызстандын элчилигинин жанында жарым жыл мурда жаңы имарат курулган. Бул жер эми Орусияда иштеп жана жашап жаткан мекендешерибизди эртеден кечке чейин кабыл алуу жайы болуп калды.