Жаңылыктар
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95% аялдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95% аялдар

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы турган жаңы мыйзам долбоору келерки жылдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу бийлик менен бей өкмөт уюмдардын башын бириктирген конференцияда талкууланды. Анда, буга чейин иштелген мыйзам долбоорго толуктоолорду киригизүү сунушталып, аялдарга, жаш кыздарга үстөмдүк кылгандар катуу жазаланышы керектиги айтылды. 

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95% аялдар. Алардын көбү өмүрлүк жолдошунан токмок жеңендер кирет. Бирок анын баары эле ачыкка чыгуудан тартынып, күч органдарына кайрыла бербейт. Аялга кол көтөргөн эркек мыйзамдуу түрдө беш жылга эркинен ажыратылат. Учурда бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартылган эмес дешет адистер. 

БУУнун координатору Озонния Ожиело айтымында, Кыргызстанда зордук-зомбулука кабылгандардын көбү 15 жаштан 45 жашка чейинки айымдар экен. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарындын жашоочулары. Мындай көрүнүшкө бөгөт коюуу үчүн баардык тийиштүү кызматтар комплекстүү иш алып баруусу зарыл дейт.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"