Жаңылыктар
"Тазалык" муниципалдык ишканасы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
 "Тазалык" муниципалдык ишканасы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

"Тазалык" муниципалдык ишканасы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды. Биринчи Май райондук администрациясында өткөн кеңешмеде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты аталган ишкананын ишмердүүлүгүн сынга алды. Шаар таштандысы чогулан жайдын аянты кеңейип, курулат деген заводдон кабар жок.

Мүнөт сайын таштанды жүктөгөн унаалар биринин артынан бири кирип, төгүлгөн таштанды жеринде иргелет. Элүүгө жакын киши аны чогултуп, күнүмдүк нанын таап келет. Чогулган желим идиш, баштык сыяктуу таштанды унаа менен башка жакка ташылууда. Кайда ташылып кетет? Албетте кайра иштетүүгө, тагыраагы жеке чөнтөккө!

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников жыйынга 9 айдын жыйынтыгы боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын отчётун угуу үчүн чакырган. Кеп алгач Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 2013-жылы алынган 22 миллион долларлык насыя жөнүндө болду. 

Депутаттын айтымында алынган каражат максатсыз жумшалууда. Алгандын бергени бар дегендей насыянын үстөк пайызы тууралуу суроо салып, ага жооп ала алган жок.

Отчёт берүүгө тазалыктын пландоо бөлүмүнүн башчысы даярданып келген эмес. Көрсө райондук аппарат аларга жыйындын регламенти жөнүндө толук маалымат бербептир. Бөлүм башчы насыя тууралуу отчётту алып келүүгө жөнөп кетти. 

Учурда таштандыдан сарыккан суу акырындан көбөйүп бара жатат. Эгер жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактачыгына жетсе, андан пайдаланган гектарлаган эгин талаалары, элдин мал-жандыгына зыянын тийгизет. Андыктан көңүл коюп, эртерээк чара көрүү зарыл.