Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун жолчулары кышка толук даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун жолчулары кышка толук даяр

Ысык-Көл облусунун жолчулары кышка карата толук даяр. Маалыматка ылайык, азыркы тапта даярдалган техникалардын бардыгы кар тазалоо иштерин жүргүзүп, бир да каттам акыркы жааган кардан жабылган жок. Эске салсак, Ысык-Көл облусунун жолчулары жалпы 2009 чакырым жолду тейлешет. Мында түйшүк жаратып келген Каракол - Эңилчек жол каттамы. Анын узундугу 143 чакырымды түзүп, төрт миң метр бийиктиктеги Чоң-Ашуу аркылуу өтөт. Мындан сырткары кыйынчылык жараткан Барскоон - Ак-Шыйрак жол каттамы. Анын жалпы узундугу 260 чакырымды түзүп, Сөөк ашуусу аркылуу өтөт. Бул каттамдарда учурда кар калың түштү.

"Азыр Чоң-Ашууда чоң Б-10 бульдозери, ДТ- 75 эки трактору жана бир погрузчик оңдолуп даяр турат. Ал эми Барскоон-Ак-Шыйрак жолунда бир автогрейдер жана үч бульдозерлер даярдалган. Алардын баары бүгүн дагы кар тазалап иштешти. Ак-Шыйракта азыр кардын калыңдыгы 30 сантиметр болсо Чоң-Ашууда 40,50 гө чейин жетип калды",- деди Ысык-Көл облустук жол тейлөө башкармалыгынын башчысы Кудайкул Күчүков.