Жаңылыктар
Элдик репортер: Миң -Куш айылындагы пенсионерлер жаштарга качан иш ордун бошотот?
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик репортер: Миң -Куш айылындагы пенсионерлер жаштарга качан иш ордун бошотот?

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын жаштары атайын өтүнүч менен КТРКнын "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. Тоолуу аймакта жайгашкан Миң- Куш айылындагы жаштардын көйгөйү жумушсуздук. Тасманын автору маалымдагандай, айылдагы бала бакча, мектеп, кесиптик билим берүүчү окуу жай, оорукана жана айыл өкмөт сыяктуу мекемелердин бардыгында 70 - 80 пайыз пенсия курагындагы адамдар иштейт. Пенсионерлер орун бошотуп эс алууга чыгышса, бул мекемелерге жаштар иштейт эле, - деген оюн билдирген автор.

"Жогорку Кеңештен суранат элек, ушул биздин иш боюнча өтүнүчүбүздү карап, маселебизди чечип берсеңиздер. Пенсия курагындагылар эс алууга чыгып, орун бошотсо",- деп кайрылган Миң-Куш айылынын тургуну.    


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.