Планда жазылган иш-чаралар кагаз бетинде гана калбоого тийиш. Натыйжа болушу үчүн ар бир жетекчиден жоопкерчиликтүү мамиле талап кылынат. Биздин максат - калк жер-жерлерде жашоо сапатынын чындап жакшыруусун сезүүсү керек. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча өткөн кеңешме учурунда билдирди.
Боронов 2018-2022-жылдарга карата өлкөнүн аймактык саясатынын Концепциясы ишке ашырылып жатканын эскертип, бул документтин багыттарынын бири өсүү түйүндөрүн аныктоо жана республиканын жети облусунун ар биринин экономикасын өнүктүрүүнүн кластердик принцибин өнүктүрүү экенин белгиледи. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнү 14 шаардын өнүктүрүү Программасы бекитилген, 6 шаардын программасы аяктоо баскычында турат.
Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдар 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын тийиштүү ишке ашыруу боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого тийиш экенин баса белгиледи.