Видео жөнөткөн жарандын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын Кудайберген аймагындагы 9 - январь көчөсү канализация үчүн казылган. Бирок казылган жолдогу аң - дөң оңдолбостон, бир жарым жылдан бээри бүтпөй турат. Айласы кеткен жашоочулар көчөнүн аңдыл-дөңгүлүнө карабай жолду пайдаланышууда. Жергиликтүү жашоочулар көчөнү бүткөрүүгө тиешелүү тараптардан жардам сурайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.