Жаңылыктар
Бүгүн милиция кызматкерлеринин күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн милиция кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 1-Ноябрь - Милиция кызматкерлеринин күнү. Майрамдын тарыхына кайрыла турган болсок, алгач 1924-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун чечими менен жергиликтүү милиция түзүлүп, анын жетекчилигине Аркадий Арумов дайындалган. 

Ошол күндөн тартып кыргыз милициясында ар кандай өзгөрүүлөр болгон. Анын ичинде милициянын түзүлүшү дагы өзгөрүүлөргө учураган. Бирок, кызматкерлердин элге болгон кызматы, эрдиги, кайраттуулугу менен туруктуулугу гана өзгөргөн эмес.