Жаңылыктар
Жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын текшере турган жумушчу топ түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын текшере турган жумушчу топ түзүлдү

Мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча мыйзамдын аткарылышын текшере турган жумушчу топ түзүлдү. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жетектейт. Мындай чечим социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынды. 

Алар «балага сүйүнчү» жана «үй бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулдарынын берилиши тууралуу мониторинг жүргүзүшөт. Кыргызстандагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу коммерциялык эмес мекемелер ассоциациясынын жүргүзгөн изилдөөсүндө, муктаж үй-бүлөлөрдүн 88 пайызы мамлекеттик жөлөк пул албай тургандыгы аныкталган. Негизги себеп катары, каттоонун жоктугу жана коптогон документтерди топтоо керектиги айтылган.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"