"Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси Баткен облусунда болду. Алар кайрымдуулуктан тарта, көчөдөгү таштандыларга чейин тазалап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу демилгесин көтөрүштү.
Баткендеги балдардын "Нур" калыптандыруу борборундагы бөбөктөрдүн маанайы бул күнү өзгөчө шаңдуу. Анткени түрдүү азык-түлүк, таттууларды көтөрүп коноктор келген. Алар “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү. Жаштар мында тарбияланып жаткан 26 баланын жашоо шарты менен таанышып, колдоо көрсөтүүнү да убада кылышты.
Жаштардын колдоосу менен облустук оорукана дагы жаңыланды. Мында сынык-жарак бөлүмүнүн эскилиги жеткен бир бөлмөсү капиталдык оңдоодон өтүп, эшик терезеси жаңыланып, 4 керебет коюлган.