31-октябрдан 2-ноябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жааган жамгыр карга айланат.
Ал эми Бишкек шаарында 31-октябрь күнү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүзү 15 градуска чейин жылуу болот. 1-2-ноябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланат.
3-6-ноябрда абанын түнкү температурасы 10 градуска чейин төмөндөй тургандыгын Кыргызгидромет агентигинин өкүлү Махбуба Касымова билдирди.
Бул күндөру тоолуу райондордогу жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт. Мындай аба ырайы жолдордогу транспорттун жүрүшүн кыйындатат. Андыктан, адистер, алыскы сапарга чыгаарда, автомашиналардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну айдоочуларга эскертишет.
Аба ырайынын өзгөрүшү бир гана жолдордогу транспорттун жүрүшүн кыйындатпастан, жарандардын сасык тумоо илдетинин күч алышына алып келет. Андыктан дарыгерлер илдетке кабылбаш үчүн алдына ала ден соолукка кам көрүүгө чакырат.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Алина Абасова, "Биринчи радио"