Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Бишкек жылуулук электр борборунда өткөн көчмө жыйынында айтылды. Энергетика тармагынын жетекчилери былтыркы кышта аварияга алып келген алешемдиктер 1-декабрга чейин толук жөнгө салынат деп ишендирүүдө.