Быйыл күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Энергетиктер Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү кыштан чыгууга жетиштүү экенин билдирүүдө.
Учурда суу сактагычта 18,8 миллиард кубометрден ашык суу топтолгон. Быйыл убагында оңдоо, жабдууларды алмаштыруу жумуштары жүргүзүлгөнүнө байланыштуу авариялык өчүрүүлөр да кыйла кыскарды.