Жаңылыктар
Кыргызстандыктардын ноябрь айындагы эс алуу күндөрү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандыктардын ноябрь айындагы эс алуу күндөрү белгиленди

Кыргызстандыктар ноябрь айында беш күн катары менен эс алат. Бул маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктады. Ага ылайык, 7-8-9-10-11-ноябрь күндөрү дем алыш болуп эсептелет. Эске салсак, 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган. 9-ноябрь жума күн дагы дем алыш күн болот. Бирок, кыргызстандыктар ал күндү 3-ноябрь ишемби күнү иштеп берет. 10-11-ноябрь ишемби жана жекшембиге туура келет.

Ал эми окуучулардын эс алуу күндөрү тууралуу айтсак, бир жумадан кийин окуучулар күзгү каникулга чыгат. Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматка ылайык, окуучулар 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин, жалпысынан сегиз күн эс алышат.