Бишкек мэриясы "Бишкек 312" мобилдик тиркемесин ишке киргизип, эми калаа тургундарынын арыз, сунуштарын мобилдик тиркеме аркылуу кабыл ала баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. "Тиркемени Play Market жана AppStore интернет дүкөндөрүнөн көчүрүп алса болот.
Активация үчүн аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди көрсөтүп, тиги же бул тайпага киришиңиз керек", — деп айтылат маалыматта. Тиркеменин колдонуучулары үчүн коомдук транспорт, жол куруу, коммуналдык чарба, социалдык мекемелердин иши, жашылдандыруу боюнча бөлүмдөр жеткиликтүү. Ошондой эле жарандар сунуштарын "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүгүнө калтыра алышат.