Жаңылыктар
Комсомол уюмуна - 100 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Комсомол уюмуна - 100 жыл

Бүгүн советтер союзу учурундагы бүткүл союздук жаштардын кубаттуу, биримдиктүү күчү болгон комсомол уюмуна 100 жыл толду. Коммунисттик партия - жаштарды тарбиялоо, кадрларды даярдоо үчүн эң мыкты мектеп болгон. Компартияга мүчө болгон жаштар алдабаган, уурдабаган, намыскөй кадр болуп тапталып, кадрлар резервин толуктап турган.

Болот Карабалаев учурунда Комсомол уюмунун мүчөсү болуп, Коммунисттик партиянын татаал этаптарынан өткөн. Уюм жаштарды жоопкерчиликтүүлүккө, патриоттуулукка үндөп, темирдей бекем тарбияны калыптандырган. Советтер союзу учурунда комсомол жаштары коомчулуктагы кандай гана олуттуу максат, милдеттер болбосун жааматтык менен аткарган эбегейсиз зор күч болгон.

Советтер союзу учурунда жакшы окуган окуучулар алгач октябряттын төш белгисин тагынып, андан кийин пионер болуп, 14 жаштан кийин комсомол уюмуна кабыл алынчу. Коммунисттик партияга кошулуу үчүн окуучу ар тараптан өзүн көрсөтүп, дилгир болууга умтулган. Анткени уюмдун талаптары, жоопкерчилиги оңой болгон эмес. 

Бүгүн Комсомол уюмунун түзүлгөнүнө 100 жыл толду. Бишкекте уюмдун бир кылымдык мааракеси Коммунисттик партиянын мурдагы ардагерлеринин, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев ардагерлерди майрамы менен куттуктап, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуду. 

Майрамдык кечеде, ардагерлерге Президенттик, Өкмөттүк жана Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды.