Жаңылыктар
Бий - кыймыл-аракеттин жыргалы
Кыргызстан жаңылыктары
Бий - кыймыл-аракеттин жыргалы

Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бий өнөрүн үйрөнүшүнө шарт түзө турган биринчи жолку инклюзивдүү жай ачылды. Ал жерге майыптыгы барлар да соо адамдар да барып бийдин түрлөрүн үйрөнүшсө болот.

Бишкек шаарынын тургуну Үкөй Муратбекова 32 жашта. Үч бир туугандын кичүүсү. Жанындай көргөн эки агасынын колдоосу ага чоң дем күч берээрин айтат. Учурдагы ийгиликтерин ата-энеси көрбөй калганына өтө кейийт. Эми алардын ак сүтүн актап өзүнүн ак мээнети менен көп бийиктиктерди багындырсам дейт. 

“Танго” бийин бийлөө үчүн Үкөй Муратбекова машыктыруучусу Артур Богомяков менен 4 ай даярданды. Ыңгайлуу болсун деп атайын ылайыктуу коляска да сатып алган. Бир бий ага чек эмес. Эми ал чымыркануу менен дагы 4 бий үйрөнүшү керектигин айтат анын машыктыруучулары

Бул жайда Үкөй сыяктуу чыгармачылыкка кызыккандар абдан көп. Бийчилер менен катар Гүлзада Исаева сыяктуу комузчулар да бар. Кыргыздын үч кыл комузун кичинесинен чертип көпчүлүктүн көңүлүн буруп келген айым бул ирээт курбуларын колдоп келген

Жашоого шүгүр келтирип маңдайга жазганды көтөрүп жашоо мүмкүнчүлүгү чектелгендердин негизги максаты. Бирок бир орунда отура бербей, ар дайым алдыга жылып өсүп-өнүгүп туруу керек. Бул максатты көздөгөн мүмкүнчүлүгү чектелген талантуу адамдарга шарт түзүп берүүнү Айнура айым көптөн бери кыялданып жүргөн. Көктөн тилегени ишке ашып жаңы инклюзивдүү студия ачты. 

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан дүйнөнү багындырган "Тумар" бийчилер тобу сыяктуу булар да эл аралык деңгээлге көтөрүлүп кароо-сынактарга катышууну каалашат.