Жаңылыктар
Элге жеңил шарт түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Элге жеңил шарт түзүлдү

Ички иштер министрлигинде жаңы ишке кирген Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору эшигин ачып, документ алам деп кайрылган жарандарды кабыл ала баштады. Мындан ары милициядан керектүү маалымат алгысы келген адам бир канча инстанцияга кайрылып убара тартпайт.  "Бирдиктүү терезе" системасынын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскартылган. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.

Сартбай Токтакунов жаңы ачылган калкты тейлөө борборунан маалым кат алганы келген. 70 жаштагы аксакал буга чейин зарыл болгон учурда милицияга кайрылып, справка алуу өзүнчө бир машакат болчу дейт. 

Милицияга күнүнө справка алууга 400дөн 700гө чейин адам кайрылып, алар сааттап кезек күткөнгө туура келчү. Атүгүл керектүү кагазды алуу бир нече күнгө созулганда, айласы кеткен адам аке-жакелеп кызматкерге акча берип болсо дагы жумушун тездетүүнү каалайт. “Бирдиктүү терезе” системасынын башкы максаты коррупцияга жол бербөө жана калкты тез арада сапаттуу тейлөө. Бул жерден документтер төрт багыт боюнча берилет.

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- жарандар өлкөнүн аймагында соттолгону же соттолбогону тууралуу справкаларды убаракерчилиги жок ала алат;
- апостиль документи берилет;
- кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздары таратылат;
- жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды, пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензиялар, уруксат кагаздары берилет.

Бул борбордо керектүү документтерди алуу жөрөлгөсү кыйла жөнөкөйлөшкөн. Маалымдама бир күндө даяр болуш үчүн 230 сом, 3 күндө алам десе 180 сом төлөм алынат. Ал эми убактысы кенен адам шашпай, бир апта күтсө акысыз берилет.  

Ишемби күнү Президент Сооронбай Жээнбеков борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, бул тармактагы кемчиликтерди жоюу керектигин баса белгиледи. Калктын муктаждыгын заманбап чечүү ыкмасы Ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформанын алкагында ишке ашты. Февраль айынын башында Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөштө кескин чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берген болчу. Эн башкысы тапшырма кагаз бетинде калбай, конкреттүү натыйжа чыксын деген.

Калктын муктаждыгын заманбап чечүү ыкмасы Ички иштер министрлигинде жүрүп жаткан реформанын алкагында ишке ашты. Февраль айынын башында Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөштө кескин чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берген болчу. Эн башкысы тапшырма кагаз бетинде калбай, конкреттүү натыйжа чыксын деген.