Жаңылыктар
Түнкү көңүл ачуучу жайлар кимдер тарабынан көзөмөлгө алынат?
Кыргызстан жаңылыктары
Түнкү көңүл ачуучу жайлар кимдер тарабынан көзөмөлгө алынат?

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон мушташтан адам өмүрү кыйылды. Шаардык милиция калаадагы түнкү клубдардын биринде чыккан чыр эс алып жаткан үч баланын ортосунда болгонун “Биринчи радиого” маалымдады. Анда экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышкан. Соккудан улам ал жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. 

Мындай окуя Бишкектеги түнкү эс алуу жайларында алгачкы жолу кайталанып жаткан жок. Буга чейин да массалык мушташтар, наркотикалык заттардын сатылуусу, бирин-бири карактоо фактылары түнкү клубдарда катталып келген. Деги эле көбүнчө жаштар катышкан кылмыш иштери оорун алган түнкү көңүл ачуучу жайлар кимдер тарабынан көзөмөлгө алынат? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"