Жаңылыктар
"Boeing 737" үлгүсүндөгү учакка Ч.Айтматовдун ысымы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
"Boeing 737" үлгүсүндөгү учакка Ч.Айтматовдун ысымы берилди

Москва-Ош аба каттамы боюнча жаңыдан уча баштаган "Boeing 737" үлгүсүндөгү учакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. “Аэрофлот” компаниясынын алгачкы рейси 28-октябрь күнү “Ош” эл аралык аба майданына конду. Москва – Ош багытындагы алгачкы рейс менен 120 жүргүнчү учуп келди. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев баштаган өкүлдөр тосуп алды. 

Аталган компаниянын Москва-Ош-Москва багыты боюнча рейстери күн сайын учат. Бул боюнча келишимге өткөн жылы кол коюлган. Мындай жаңы каттамдар Орусия, Казакстан мамлекеттеринин бир катар шаарларында да ишке кирерин тийиштүү кызматтан кабарлашты.

 "Бул да болсо биздин жарандарга көрүлгөн камкордук. Канчалык атаандаштык көп болсо, билеттердин баасы да арзандатылат , жарандарыбызга жеңилдик болот", - деп билдирди “Манас” эл аралык аэропортунун Ош филиалынын директору Талант Исаков.