Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасын айтты. Ага ылайык, мында жеңил унаалар бир чакырымга 56 тыйын, ал эми жүк ташуучу унаалар көлөмүнө жараша 2 сомдон 14 сомго чейин төлөшү ыктымал.
Учурда мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат. Үч аптанын ичинде долбоордун документтери коомчулуктун талкуусуна коюлат.