Нарын облусу баштатан эле аба ырайынын катаалдыгы, башка дубандардан жер шартынын өзгөчөлүгү менен да айырмаланат. Андыктан бул аймакта элдин жашоосуна тиешелүү шарттарды түзүү мамлекеттин алдындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болчу. Ага жараша аймакта бир катар социалдык мекемелер курулуп ишке берилип, мамлекеттик кызматкерлер турак жай менен камсыз боло баштады. Бул иштер мындан ары дагы уланып, алдыдагы максат- аймактар менен борбор калаанын жашоо шартын бирдей деңгээлге жеткирүү.
Ушул апта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунда жумушчу сапары менен болуп, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана Нарын шаарында ден соолукту чындоочу комплекстин ачылышына катышты. Мындан сырткары өлкө башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы көйгөйлүү деген маселелерди угуп талкуулашты.