Ушул апта Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу козголгон төрт кылмыш ишинин бири боюнча соттук угуулар башталды. Анда “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин жактоочусу Калиевдин баш коргоо чарасын убактылуу кармоочу жайдан үй камагына которуу боюнча өтүнүч келтирди. Бирок сот аны канааттандырган жок, судья ошондой эле ишти кароону Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчтү да четке какты, анткени “Электр станциялар” ачык акционердик коому Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан.
Ал эми Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишинин алкагында өтүп жаткандар Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев, жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, “Электр станциялар” компаниясынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердикбек Боркоев, “Электр станциялар” компаниясынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев, Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын башчысынын мурдагы биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБинин экс-жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жана жылуулук электр борборунун мурдагы башкы инженери болуп, соттолуучулар жалпы онго жакын адам.
“Бишкек жылуулук тармактары” алардан 80 млн сом өндүрүү боюнча доо койгон. Ал эми “Электр станциялар” компаниясы 8 млн сомго эсептелген материалдык чыгымды өндүрүүнү максат кылууда. Мына ушинтип убагында өлкөнүн энергосекторун башкарган мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар жогорку кызмат адамдары азыр камакта отурушат.
Ушунча сандагы жогорку даражадагы кызмат адамдарынын камакка алынганы Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу десек жаңылышпайбыз. Өлкөдө коррупция өнүп өрчүп жатканын бардыгы эле билишчү, бирок акыркы Жылуулук электр борборундагы авария анын канчалык деңгээлге жеткенин ачык көрсөттү. Коррупция беренеси боюнча буга чейин Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдор да кармалышкан.