Бүгүн "Бишкек газ" ишканасы эл аралап, атайын рейд уюштурду. Мына бул хансарайдын кожоюну газга 8,5 миң сом карыз. Үй Сергей Новиков аттуу жаранга катталган. Көзөмөлдөөчү ай сайын каалгасын каккылап келет. Ал көп убакыттан бери төлөмдү өндүрө албай убара.
Дарбазасын капысынан ачып алган кожойке сес көрсөтүп, сөгүнүп-сагынып автоунаасын көздөй шашып калды. Аны менен кошо чыккан Аскар аттуу жигит “бул биздин үйүбүз эмес”, - деп, ар-кимге телефон чалымыш этти.
“Бишкекгаз” Ички иштер министрине чейин кат жазып кайрылган. Бирок, жок дегенде үмүт улап койгон дагы жооп келген эмес.
Газ тутумуна жашыруун кошулуп алгандар да бар. Бул үй бир канча жыл мурда газ тутумунан үзүлгөн. Бирок “Бишкекгаздын” кызматкерлери жакында эле үй ээсин көгүлтүр отту тымызын колдонуп жаткан жеринен кармап алган.
Учурда Бишкек шаарынын тургундарынын жаратылыш газына болгон карызы 15 миллион сомдон ашкан. Суук түшөрүнө дагы саналуу гана күндөр калды. Газчылар эми акыркы эскертүүсүн айтып чыгышты. Эгер абоненттер бересесинен кутулбаса кычырап суук келген маалда газ түтүктөрүн кесе башташат.