"Кыргыз көмүр" ишканасы ордо калаадагы көмүр кампаларына барып, абал менен жеринен таанышты. Ишкана быйыл кара отун боюнча маселе жаралбайт деп убада кылып жатканы менен, былтыркыга салыштырмалуу көмүр баасы кымбаттаган.
Кыргызстанда былтыркы жылдарга салыштырмалуу көмүр быйыл кымбат сатылууда. Кара алтын саткан Бишкектеги соодагерлердин айтымында, былтыр Кара-Кече, Кара-Жыранын көмүрүнүн тоннасы 3500-3700 сомдон бааланса, быйыл 500 сомго кымбаттаган.
Көмүр алууга келе турчу кардарларды күтүп отурушкан бул айдоочулардын алды 40 жыл арты 5 жылдан бери сатылган көмүрдү жеткирип берүү кызматын аркалашат.
Айтымдарында өткөн аптада күн сууктагандан бери кара алтындын баасы көтөрүлүп кетти.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, быйыл жалпы 2 миллион тоннага жакын көмүр даяр болушу керек. Мындай көлөм калктын керектөөсү жана жылуулук берүү борбору менен бюджеттик мекемелердин баарына жумшалат. "Кыргыз көмүр" ишканасы болсо, күн жылуу болгондуктан азыр көмүрдүн баасы туруктуу экендигин айтууда.
Кампаларда көмүрдүн 10 го чукул түрү сатылып жатат. Көбүнчө Кара кеченин кара алтынына талап жогору. Анткен менен азырынча аба ырайынын жылуу болуп жаткандыгына байланыштуу, сатып алууну каалагандардын саны анча байкалбайт.
Учурда жалпы өлкө боюнча 600 дөн ашык кампа ачылып, керектөөчүлөрдү көмүр менен камсыздап жатат. Ал эми ордо калаада 12 кампа бар. Мындан сырткары жеке унаалар менен алып келип, кампанын сыртында туруп саткандар да арбын.