“Бишкек жылуулук тармактар” ишканасына 55 жыл толду. Жаңы салынган жылдары 450 гана метр түтүк аркылуу иш баштаган тармак, учурда 100 эсеге чоңоюп, жыл сайын ордо калааны жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздап келет.
Быйылкы жылуулук берүү учуру менен тушташ келген майрамдык салтанатка ишкананын ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэриясы жана бир катар мекемелердин өкүлдөрү келип, көп жылдык тажрыйбасы жана алгылыктуу иши менен алдыга озгондорго Ардак Грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырышты.
Негизинен ушуну менен 55инчи кышты тосуп жаткан “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы быйылкы жылытуу убактысын дагы ийгиликтүү тосуп алды.