Быйылкы кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдиргендей, учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда.
Бүгүнкү күндө электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет.
Андан тышкары, ишканалар үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 2 сом 20 тыйындан каралган. Андан тышкары, антикризистик планга 78 млн сом бөлүнүп, Бишкек Жылуулук борборунун “Батыш – 1,2” жана “Батыш – 3” жылуулук түйүндөрүнө кошумча жабдуулар орнотулду.