Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотека арзандайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотека арзандайт

Ипотеканын пайыздык чен өлчөмүн төмөндөтүү каралууда. Мамлекеттик ипотекалык компания октябрдын акырына чейин мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык көлөмдү 8ден 7 пайызга чейин төмөндөтүүнү убада кылууда. 

Компаниядан билдиргендей, бул максатта Каржы министрлиги каражат бөлүшү керек. Министрлик 500 миллион сом бөлсө, 400-500 адамга ипотекалык насыя бергенге жетет. Азыркы тапта пайыздык чен өлчөмдү бир пайызга төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.