Советтер союзу учурунда кадрларды даярдоого өтө чоң көңүл бурулган. Коммунисттик партия сабакты жакшы окуган жеткинчектерди алгач октябрят кылып төш белги тагып, андан соң жагоосу желбиреген пионер кылып, 14 жашка толгондо комсомол уюмуна кабыл алынчу. Быйыл ушул советтер союзу учурундагы комсомол уюмунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл толот.
Мархамат Исабекова эс тарткандан сергек жашоодо өмүр сүрүп келет. Анткени, ал комсомол уюмунун мүчөсү. Билимдүү, жөндөмдүү, зээндүү жаштардын уюмунда дене тарбиясына өзгөчө көңүл бурулган. Мархамат апа спортко көп көңүл буруп, жадагалса өзү окуган окуу жайдын волейбол курама командасынын капитаны да болгон экен.
Эл агартуунун отличниги, тарых илимдеринин кандидаты, доцент учурда Улуттук университетте жаштарга тарыхты үйрөтөт. Ал студенттерин да комсомолдук бекем тартип менен таптап келет.
Союз учурунда кадрларды даярдоого өтө чоң көңүл бурулган. Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик жаштар союзу да татыктуу адистерди тарбиялоо максатында негизделген. Быйыл мына ушул уюмдун түзүлгөндүгүнө 100 жыл толот. Маараке 29-октябрь күнү Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленет.