Баткенде Лейлек районунун 90 жылдыгы белгиленди. Бул датага карата аймакта бир катар социалдык объектилер ачылып, пайдаланууга берилди. Мааракени утурлай уюшулган саамалыктарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштер менен жеринен таанышты.
Көк-Таш айылы Тажикстандын айылдары менен чектешип, кээ бир жерлери шахмат түрүндө жайгашкан. Айылдын мурдагы мектеби да чек арада жайгашкандыктан, окуучулар арасында өз ара кооптонуулар да болуп келген.
Ал гана эмес, мектептин эскилиги жетип, ыңгайсыздыктар жаралчу. Бул маселелер баары эске алынып, айылдын коопсуз жайына заманбап мектеп курулуп пайдаланууга берилди. 225 орундуу мектептин бүткөрүлүшүнө жалпы 42 миллион сом сарпталган.
Мектептин ачылыш аземине премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, мектепке акыркы үлгүдөгү компьютерлерди белекке берип, окуучулардын көп тилдүүлүккө үндөп, жана ар бир мектепке интернет тартуу керектигин белгилеп өттү.