Бишкекте жасалма акча менен шугулдангандар пайда болду. Ар кайсы акча алмаштыруучу жайга келип, аларды өткөрүү менен алектенген шылуундар бир эле күндө ордо калаадагы 2-3 акча алмаштыруучу жайды алдап кетүүгө үлгүрүшкөн. Алдамчылардын тузагына илинген Исламбек Абдимиталипов бир заматтын ортосунда 9 миң доллардан ажырап калды.
Кара куртка жана кара шапке кийип, көз айнек тагынган шылуун эч нерсе болбогондой акча алмаштыруучу жайга келип, баштыгынан алгач чыныгы теңгелерди алып чыгып алмаштырат. Баарынан бейкапар отурган акча алмаштыруучу жайда иштеген Исламбек, кийинки рублди алмаштырып берүүнү өтүнгөн учурда да каршы болгон эмес. Себеби банкноттордун аныктыгын текшерүүчү детектордон өткөргөн кезде акчанын жасалма экендиги билинген эмес.
Акча алмаштырып жаткан жаран банкноттун жарымын сом менен калганын долларга алмаштырып берүүнү өтүнгөн. Ошондо баш аягы Исламбек Абдимиталипов 9 миң доллардан ашык каражатын алдатып жиберген. Мурдатан даярданып келген шылуун камерага дайыма артын салып турган. Бир учурда гана башын көтөргөн мезгилде, анын жүзү толугу менен сүрөткө тартылып калган.
Ошол эле, 17-октябрь күнү дал ушундай ыкма менен алдаган окуя Бишкектеги дагы эки акча алмаштыруучу жайда катталган. Чоң суммадагы банкнотторду алмаштырган жагдай Дордой базарында да болгон. Акча алмаштыруучу жайда иштегендердин маалыматында, оңой олжо менен жан баккандар негизинен бир орунда турбайт, акыркы мезгилде өтө көп кездешип жатат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча жасалма акча жасагандар биринчи кезекте көзгө көрүнгөн коргоо элементтерин окшоштуруп көчүрүүгө аракет кылышат. Ошондуктан алар эң биринчи кезекте текшериле турган коргоо элементтерин, тагыраак айтсак: суу белгилерин, коргоо тилкесин жана фольганы окшоштуруп көчүрүп келишет.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жасалма акча жасоо, сактоо жана аны жүгүртүүгө чыгаргандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат. Ошондой эле ири суммада жана бир топ адамдар тарабынан жасалганы аныкталса, 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.