Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлер “Маяк” деген аталыштагы рейд өткөрүүдө. Бул текшерүү чарасы тез жардам унааларына тоскоолдук жараткан айдоочуларды мыйзам алдында жоопко тартуу, айнегин караңгылаткан айдоочуларды айыпка жыгуу жана жолду туура эмес жерден кесип өткөн жөө адамдарга эскертүү берген көрүнүштөрдү камтыды.
Адам өмүрүн арачалап калайын деп алып-учуп айдаган тез жардам унаасына айдоочулар ар дайым эле жол бошото бербейт. Мындайга мойну жар бербегендер четинен жол сакчынын кайырмагына илинди. Эреже бузган айдоочу канчалык опурулуп жапырылганы менен айыбы далилденгенден кийин айыпка жыгылды.
Андан ары баратып жолдун ортосунан четке чыгууну түйшүк көргөн дагы бир айдоочу кармалды.
Эрежеге ылайык ар бир айдоочу үн чыгаргычын катуулаткан тез жардам унаасына жол бошотууга милдеттүү. Бирок обочо болуунун ордуна ороңдоп, кыр көрсөткөн көрүнүштөр жок эмес.
Тааныш-билишине таянып, темир тулпарынын терезесин караңгылатып жүргөн жарандар бар. Андай жол тандабастын бири колго түшкөндөн кийин тартипке моюн сунуп, айып салынды.
Бул текшерүү иштери калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кырсыктардын алдын алуу максатында уюшулду.
Жол коопсуздугун тескеген кызматкерлер күн-түн дебей терс көрүнүштөр менен күрөшүп келет. Адистер чубактын кунундай чубалган “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашса, түйшүк бир аз жеңилдеп, эреже бузуулар тыйылып калат беле деген пикирде.