Жаңылыктар
ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери жаңы батирлүү болушту
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдырган кезектеги иш сапарын улантып, бүгүн Нарын облусуна барды. Анда мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлерине салынган үйдүн ачкычын тапшыруу аземине катышты. 

Бул турак жай 28 батирден турат. Анын сегизи бир бөлмөлүү, дагы 8 батири эки, калгандары 3 бөлмөлүү. Ачылыш аземинде өлкө башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эң таза иштеп, ата мекен үчүн ак кызматын кылып келе жаткандыгын белгиледи.