Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видеокөзөмөл камералары жана жол эрежесин бузгандарды каттоочу 2 даана видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Азыркы тапта орнотулган жабдыктар тесттик режимде иштеп жатат. Коопсуз шаар долбоорунун алкагында бардык жагдайлар эске алындыбы жана кандай жыйынтыктарды бере баштады.
Коопсуз шаар долбоору ийгиликтүү ишке ашты деп Балыкчынын шаар бийлиги эмитен эле массалык маалымат каражаттарына он күндөн бери билдирүү жасап башташты. Чынында Коопсуз шаар долбоору чындап кандай болоорун буга чейин бир да Кыргызстандагы шаар көргөн эмес. Демек алдын ала төш кагуу эртелик кылат. Кырк сегиз миң калкы бар шаар үчүн алгач сексен төрт видеокөзөмөл камералары жетиштүү деп адистер аныктап чыгышкан. Ал жабдыктар орнотулуп бүттү. Жалпы 18 млн 418 миң 810 сом каражат жумшалды. Бул каражатты Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Азыр бул камералар тесттик режимде гана текшерилип иштеп жатат.
Балыкчы шаарында маал-маалы менен уңулдаган каттуу шамал болуп турат. Айрым шаар тургундары айтмакчы орнотулган жабдыктар, жакында эле болгон шамалга чыдай алган эмес. Айрым жерлеринде кабелдери үзүлүп кеткен. Демек коопсуз шаар долбоорунун айрым мүчүлүштүктөрү четинен чыга баштады. Демек адистер кабыл алынып, алар тиешелүү деңгээлде окуп үйрөнүп келмейин бул долбоор ишке ашты деп айтуу кыйын. Социалдык тармактарда ылдамдыкты өлчөй турган камералар боюнча бир топ талкуу бар. Алар ишке киришсе жыйынтыгы жол кыймылына бир топ өзгөртүү киргизиши мүмкүн.
Октябрь айынын он үчүнөн бери иштеп жаткан көзөмөл камералары мындан сырткары кылмыштуулукту азайтууга, болгон кылмыштын бетин ачууга чоң көмөк көрсөтөт деген ишеним бар. Шаар элине бул долбоордун жаккан жери көзөмөл камераларынын шаардык пляжга да коюлушу болду. Себеби Балыкчы шаары өнөр жай шаарынан туризм шаарына айланууга жаңыдан кадам таштап жаткан шартта бул жаңылык убагында кирди деп айтсак болот.