Өлкөнүн айрым аймактарында быйыл биринчи кар октябрь айынын ортосунда эле жаап салды. Аба ырайынын температурасы төмөндөп, кээ бир райондордо суук 0 градуска чейин түштү.
Бирок 2 күндөн бери күн кайрадан жылып, синоптиктер октябрь айынын аягы, ноябрдын башында абанын температурасы 15-20 градуска чейин жетет деп божомолдошууда. Ушул аптада болсо борбор калаада үйлөргө жана социалдык мекемелерге жылуулук берилди.
Бул арада өлкөдө кышка камылга кызуу жүрүүдө. Тиешелүү кызматтар жарандарга отун суу алуучу чекиттер тууралуу маалымат берип, ар бир облус райондордун кышка карата даярдыктары текшерилүүдө.
Биринчи кезекте жолчулар өлкөнүн стратегиялык маанидеги трассаларына көзөмөл жүргүзүп, аба ырайы кескин бузулган учурларда кечиктирилгис чараларды көрүү аракетинде.