Тышкы иштер министрлигиндеги бир катар отставкалардан кийин, ушул аптада мекемеге жаңы жетекчи дайындалды. Ал 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков болду.
Жаш кадр болгону менен өлкөнүн тышкы саясат мекемесинде эмгектенип келе жатканына туура 20 жыл толуптур, 1998-жылы тышкы иштер министрлигине атташе кызматына келген, ал эми акыркы иштеп жаткан кызматы Кыргызстандын Жапониядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болчусу.
Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигин алмаштыруу бул мекемедеги акыркы жагдайларга байланыштуу болду. Белгилүү болгондой, мурунку аптада экс-министр Эрлан Абдылдаев жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан кызматтан алынган.
Мартабалуу кызматтарга кесипкөй, иштин көзүн тапкан гана адистерди дайындоо зарылчылыгынан улам, Мамлекеттик кадр кызматы күчөтүлгөн тартипте ишке киришти. Жыл башында жарыяланган сынакка катышкысы келгендердин саны 700дөн ашкан. Алардын мыктылары гана тизмеге илинип, азыр улуттук кадр резервинде 30дан ашык кесипкөй адистер бошой турган кызмат орундарын күтүүдө.
Бул мекеме алдыда татыктуу кадрларды жогорку мамлекеттик кызматтарга даярдоону пландап жатат. Мунун натыйжасында, жооптуу кызматтарды кесипкөй адистер гана ээлеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.