Бишкекте 18-октябрдан тарта жылуулук сезону башталып, турак үйлөрдүн басымдуу бөлүгүнө жылуулук берилди. Бирок айрым көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар жылуулук батареялары жакшы ысыбай жаткандыгын айтып жатышат. Жылуулук мекемеси болсо азыр бул багытта адистер иштеп жаткандыгын, негизи жылуулук берилген күндөн тарта 3 күндүн ичинде бардыгы өз ордуна келерин кабарлашты.
Кабаттуу үйдөгү батирлердин жакшы жылыбай жатканынын дагы бир себеби - эң үстүңкү кабатта жашагандар трубалардын ичиндеги желди учурунда бошотпой койгондугунан да болот. Жылуулук берүү мекемесинин маалыматына ылайык, 1 миң 113 турак үй, 11 оорукана, 28 бала бакча жана 21 мектеп жылуулук менен камсыздалды.