Жаңылыктар
Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар “кара тизмеден” чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар “кара тизмеден” чыгарылат

Кыргызстандын Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып "кара тизмеге" кирген жарандары кайрадан Россиянын аймагына кире алышат. Бул кеминде жыйырма миңдей жаран кара тизмеден чыгарылат дегендик. Ошол эле учурда Орусиянын аймагындагы иштеп жаткан мекендештерибиз бул жеңилдиктен пайдаланып миграциялык тарыхын таза бойдон баштай алышат. Мындай жетишкендик эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин ишке ашып отурат.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандар “кара тизмеден” чыгарылып жатыптыр деген маалымат тараганы миграция кызматынын кеңеш берүүчү борборуна кайрылгандар арбын. Башкалар сыяктуу эле Медеткан да “кара тизмеден” чыккан чыкпаганын билүүгө ашыгып келген. Ал үч жыл мурда жашы жете электигине байланыштуу документтери туура эмес болуп чыккандыктан Орусиянын аймагынан соттун чечими менен чыгарылган.

Сот аркылуу Орусиядан чыгарылгандыктан Медеткан “кара тизмеден” азырынча чыгарылбай калды. Дагы эки жыл күтүүгө туура келет.

Себеби соттун чечими менен Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар “кара тизмеден” чыгаруу боюнча миграциялык амнистиянын жеңилдиктерин пайдалана алышпайт.

“Кара тизмеден” кимдер чыгарылат. Орусиянын миграциялык жеңилдиги эки категорияга бөлүнөт. Биринчиси Орусиянын мыйзамдарын бир нече ирет бузуп административдик жоопкерчиликке тартылган жана Россиянын аймагында жүрүп, 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай, айып жазасына тартылгандар жарандар “кара тизмеден” чыгарылат.

Ал эми экинчи категориядагы жарандар бул убагында Орусиядан депортация болуп учурда мекенинде жүргөн жарандар. Оор эмес административдик мыйзам бузууларга барган мекендештерибиз Орусиянын миграциялык кечиримине туш болот. Ал эми соттун чечими менен Россиянын аймагынан чыгарылып кара тизмеге киргендерге миграциялык амнистия колдонулбайт.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей учурда Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин 200 миңге чукулу "кара тизмеге" алынышы ыктымал. Себеби алардын көбү майда мыйзамдарды бузгандар. Мындай шарт алардын да миграциялык тарыхын жаңылап, жашоосун жаңы барактан таза башташына жакшы өбөлгө түзөт.

Талдоочулардын пикиринде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийинки кабыл алынган бул чечим Орусияда эмгектенген мекендештерибизге бир топ эле жакшы жеңилдик берет. Белгилей кетсек Орусия үч жыл мурда да берилген.