Жаңылыктар
"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка даяр
Кыргызстан жаңылыктары
"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка даяр

"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышта калаа ичиндеги жолдорго кам көрүү максатында 865 тонна кум жана 203 тонна техникалык туз сатып алды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Былтыркы кыштан калган запастарды эсепке алганда учурда 4 миң 798 тонна кум, 909 тонна туз бар. 

"Унаа каттаган жолдордогу карды тазалоо үчүн 35 атайын техника иштейт. Алардын арасында кар тазалагыч, кум чачкыч жана тракторлор бар. Техника менен катар 725 жумушчу тартылат", - деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, жолду кардан тазалоо иштери 1-ноябрдан 1-мартка чейин уланат. Бирок аба ырайынын шартына байланыштуу жолго кам көрүү жумуштары эрте башталып же кечеңдеп кетиши да мүмкүн.