Жаңылыктар
Мамлекеттик кадр резервине кантип катталууга болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик кадр резервине кантип катталууга болот?

Жооптуу мамлекеттик кызматка тажрыйбасы жетпеген же тармакты эптүү түшүнө албаган жетекчи келип, органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген окуялар көп эле кездешти окшойт. 

Буга байланыштуу мартабалуу кызматтарга кесипкөй, иштин көзүн тапкан гана адистерди дайындоо зарылчылыгынан улам, Мамлекеттик кадр кызматы күчөтүлгөн тартипте ишке киришти.  Азыр улуттук кадр резервинде 30дан ашык кесипкөй адистер бошой турган кызмат орундарын күтүүдө. 

Улуттук кадр резерви аркылуу жетекчилик кызматка дайындалгандардын арасында Чыңгыз Кененбаев да бар. Ал карьерасын жөнөкөй адис катары баштап, мамлекеттик кызматта 15 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенет.