Аймактарды өнүктүрүү жылында Нарын облусунун борборундагы көчөлөр көрктөндүрүлүп, эс алуу аянтчалары түзүлүп жана шаардыктар менен катар эле келген меймандарга жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасалды. Ошондой эле, Нарын шаарынын 150 жылдыгы да быйыл орун алып, бир топ иштер бүткөрүлдү.
Нарын шаарында жакынкы эки жыл аралыгында баардык таза суу жана агынды суу түтүктөрү толугу менен жаңыланат. Европа өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жай айларда башталган түтүктөрдү алмаштыруу иши учурда 40 пайызга аяктап калды. Айта кетсек бул түтүктөр 50 жылдан ашык убакытан бери таптакыр ремонттон өткөн эмес.
Нарын шаары чыгыштан батышка карай узатасынан созулган кууш жерде орун алгандыктан, борбордук көчөнүн бир башынан экинчи жагына келип эс алуу жайларына сейилдөө, бир аз оңтойсуз абалга кептелчү. Эми болсо, былтыр курулуш башталган жаштар паркы ишке берилип, "Пудовкин" атындагы эс алуу жайы толугу менен оңдоодон өттү. Ал эми шаардын 150 жылдыгына карата өткөн марафондун эсебинен дагы бир жаңы сейил багы курулду.