Жаңылыктар
Президенттин ар-намысын коргоо үчүн мамлекет башчынын өзүнүн макулдугу алынышы керек
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин ар-намысын коргоо үчүн мамлекет башчынын өзүнүн макулдугу алынышы керек

Башкы прокурор Президенттин ар-намысын коргоо үчүн мамлекет башчынын өзүнүн макулдугун алышы керек. Мындай чечимди Конституциялык палата чыгарды. 

Былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо үчүн ал учурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева “Заноза” сайтынын журналисттерине жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы сотко кайрылып, алардан миллиондогон сом өндүрүүнү өтүнгөн. Сот аны толугу менен канааттандырган. 


Кийинчерээк мурдагы президент доодон баш тарткан. Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү мамлекет башчынын макулдугусуз анын ар-намысы үчүн соттошуу мыйзамга туура келбейт деген жүйөө менен Конституциялык палатага кайрылган.



Башкы прокурор мурдагы президент Атамбаевдин ар-намысын коргоодо “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине таянган.

Бирок Башкы прокуратура таянган бул мыйзам Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет деп табылды. Анда мыйзам жана сот алдында бардык жарандар бирдей экени көрсөтүлгөн. Эрежеге ылайык Баш мыйзамга каршы келген жоболордун бардыгы жокко чыгарылат. Конституциялык палата дал ушул жагдайга көңүл бурган.