“Биз жеңишке умтулган спортчуларыбызды ар дайым ардактап алууга даярбыз”. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков, XVIII жайкы Азия оюндарынын жеңүүчү спортчуларына жана алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында билдирди. Сыйлыктар "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери", "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер" наамдары боюнча ыйгарылып, “Даңк” медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылды. Мындан сырткары балбандар менен алардын машыктыруучулары өкмөт тарабынан чегерилген бир жолку акчалай сыйлыктарга да ээ болушту.
Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон жыйырмага жакын спортчунун, алардын машыктыруучуларынын жана дарыгерлеринин эмгеги жогорку деңгээлде бааланып отурат. Өлкө башчысы жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, ал жалпы кыргызстандыктар эки ай мурда спортчуларды мелдешке жакшы тилектер менен узатканын эске салды.
Өлкө башчысы Азия оюндарында алтын жана күмүш байгенин ээлерин өзгөчө белгиледи.
Алгачкы алтын медалды жеңип алган Төрөкан Багынбай уулуна, алтын жана күмүш медалга жетишкен Дарья Масловага, ар бир таймашында өлкөбүздүн атын улам даңазалап келе жаткан Айсулуу Тыныбековага өзгөчө ыраазычылык. Ошону менен бирге эң жаш спортчу - 19 жаштагы Акжол Махмудов, кыргызстандыктар андан алдыдагы олимпиадалык оюндарда жеңишке жетет деп ишеним артып жаткан.
Азия оюндарында алдыңкылардан болгон беш спортчу “Даңк” медалы менен сыйланышты. Алардын бири- Кыргызстанга алгачкы алтынды алып келген жиу-житсу чебери Төрөкан Багынбай уулу. Төрөкан мелдештердин биринчи, экинчи айлампасында Иран жана казакстандык атаандаштарын, чейрек финалда Түркмөнстандык спортчуну, жарым финалда Таиланддык балбанды, ал эми финалда Бириккен Араб Эмирлигинин спортчусун жеңип баш байгени багындырган.
Азиадада алтын жана күмүш байгени бирдей багындырган жөө күлүк Дарья Маслова да “Даңк” медалынын ээси болду. Ал Индонезияда өткөн оюндарда 10 миң жана 5 миң чакырым аралыкка чуркап, Азия чөлкөмүндө белгилүү деген спортчуларды алдына чыгарбай, чемпион аталды. Спортчу мелдештерге даярдык көрүү оңой эмес күч аракетти талап кылганын айтат.
Бир нече жылдар бою мени машыктыруучуларым өтө кыйын мелдешке даярдашты. Азия оюндарында атаандаштар абдан күчтүү болду. Биз барган жердин жер шарты оор экен, ысык, нымдуу. Ошого карабастан жыйынтык көрсөттүк, талыкпаган аракет өз жемишин берип, эмгегибиз акталды. ))
Ошондой эле, “Даңк” медалы менен Айсулуу Тыныбекова сыйланды. Тыныбекова мелдеш учурунда 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган болчу. Бирок кийин биринчиликти алган Монголиялык спортчу кызытма колдонууга шектелип, алтын медаль биздин балбанга берилген. Финалдык оюндарга чейин Тыныбекова Түндүк Корея, Кытай жана Индиялык атаандаштарын артка таштаган.
“Даңк” медалы грек-рим күрөшү боюнча балбан Каныбек Жолчубековго, жана эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаевге ыйгарылды. Каныбек Жолчубеков сыйлык тапшырылган соң сөз сүйлөдү.
Ар бир спортчунун ийгилигинин артында машыктыруучунун опол тоодой эмгеги турат. Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн даярдаган бир катар машыктыруучуларга жана спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан жарандарга «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам жана Ардак грамота тапшырылды.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наамга спорт дарыгери Бактыгул Алишева татыды. Ал Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунда 30 жылдан бери эмгектенет. Балбандардын ден соолугуна кам көрүү өзгөчө иш-аракетти талап кыларын айтат.
Мен бүгүн абдан бактылуумун. Биздин эмгек эң жогорку деңгээлде бааланып жатат, 30 жылдан берки эмгегим акталды десем болот. Мындай дайым эле боло бербейт. Спорт дарыгерлери негизи эл жетишсиз, бул да болсо бизге чоң дем күч болот. Спортчулардын бардыгынын эле ден соолугу чың деп айтууга болбойт, тескерисинче аларга эки эсе көбүрөөк көңүл бөлүш керек. ))
Спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына өкмөт тарабынан чегерилген бир жолку акчалай сыйлыктар да берилди. Алган байгелүү орундарына карата 125 000 сомдон тартып 2 миллион сомго чейинки тастыктамалар тапшырылды.
Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлегендерге 1 млн 250 миң сом, 2-орунга 750 миң сом, 3-орунга 500 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми алтын медаль алган спортчулардын башкы машыктыруучулары 312 миң 500 сомдон, күмүш медаль алгандар 187 миң 500 сом, ал эми коло байгени камсыз кылган спортчулардын машыктыруучуларына 125 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Дарыгерлерге болсо ар бирине 337 миң сомдон чегерилген.
Өлкө башчысы Кыргызстанда спорт менен машыккан жаштардын көбү кубандырарын, мамлекет жеңишке умтулган спортчуларды ар дайым ардактап алууга даяр экенин белгиледи. Соңунда сыйлык ээлери президент менен сүрөткө түшүп, мамлекет башчысы спортчулар менен жеке баарлашууга да убакыт бөлдү.