Жаңылыктар
Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук берилет
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук берилет

Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук берилет. Жылытуучу мезгилге бардык даярдыктар көрүлгөн. Тиешелүү кызмат да тоо аралаган жолдор менен ашууларда кум жана тузун камдап койгон. Ал эми гидрометеорология агенттиги күн кайра эле жылый тургандыгын билдирди.

Түнү менен токтобой жааган кар көпкө турбайт. Акырындык менен абанын температурасы көтөрүлөт. Керек болсо, ноябрь айынын биринчи жарымында күн 20 градуска чейин ысыйт дешет адистер. Ал эми андан ары, тагыраак айтканда декабрга жакын туруктуу кар жаап, кадимки кыш мезгили күчүнө кирет. Бирок, гидрометеорология агенттигинин адистери быйыл абдан катуу суук болот деп айтууга азырынча эрте дешет.

Бишкек шаарына 18-октябрдан баштап жылуулук берилет. Борбор калаанын мэриясына тиешелүү 65 от казан октябрь айынын башында эле даяр болгон. Андан сырткары, шаар ичиндеги жолдор тайгак болбошу үчүн зарыл болгон камылга көрүлгөн.
Ал эми жол адистери жолдо жүргөндөрдү сак болууга чакырууда. Кыргызстанда жалпы 20дан ашык ашуу участкалары бар. Бул аймактарда унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпай, жолду тазалоо иштерине бардык чаралар көрүлгөн. 400дөн ашык техника жол боюна чыгарылды. Андан сырткары, жолдогу музду ээритүүчү кум жана туз дагы керектүү өлчөмдө ташылып келди.
Жолду кардан, көчкүдөн тазалап иштей турган адистерге жылуу кийим-кече сатып алынды. Андан сырткары, ысык тамак да камдалды. Бардык мекемелер кышкы суукка даяр экендиктерин билдиришти.