Бишкекте кыргыз-чех бизнес форуму өттү. Бул жолу Чехиядан жашыл экономика принциптери менен иш алып барган 15 жакын алдыңкы компаниянын өкүлдөрү келип, презентация жасады. Ошондой эле КР инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу Кыргызстанда инвесторлор үчүн шарттар, мыйзам базасы туурасында маалымат берди.
Жалпысынан форумга 100 гө жакын адам катышып, бизнес өнөктөш табууга аянтча түзүлдү. Буга чейин Чех экспорт банкы жеребиздеги 20 долбоорго жалпысынан 500 миң доллар каражат салган.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Назира Молдокулова, "Биринчи радио"