Бишкек ЖЭБинде жылытуу мезгилине өтүү боюнча ыкчам штаб чогулду. Анда калаага эртең, 18-октябрдан тарта жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Жылуулук алгач бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объектилерге берилет. Кечээ Бишкекке алгачкы кар түшүп, аба ырайы сууктаган. Кар бүгүн дагы жаап жатат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, учурда абанын температурасы нөлгө барабар. Бирок дем алыш күндөрү абанын табы 17 градуска чейин көтөрүлөрү айтылууда.
Ал арада "Улуттук энергохолдинг" Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даяр экенин маалымдады. Компаниядан билдиришкендей, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.