Жаңылыктар
Өлкөдө туруксуз аба ырайы 19-октябрга чейин уланат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө туруксуз аба ырайы 19-октябрга чейин уланат

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 19-октябрга чейин уланат. Абанын температурасы климаттык нормадан 4-6 градуска чейин төмөн болот. Бул күндөрү мезгил мезгили менен жаан жаап айрым тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жамгыр карга айланат. Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

 Адистер мындай аба ырайы тоолуу райондордун жолдоруна муз тоңуп, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт деп белгилешүүдө. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"