Жаңылыктар
Кыргызстанда бүгүн мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бүгүн мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр жаайт

Кыргызгидромет 16-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөрүн кабарлады. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Кар күрткүсү болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 18-23 метрге жетет.

Облустарда күтүлгөн абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 6....11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11 градус,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...8, күндүз 0...-5 градус,

Бишкек шаарында түнкүсүн 2...4, күндүз 13 градус болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Аба ырайынын суукташына байланыштуу Бишкек шаарына жылуулук берүү маселеси шаршемби күнү, 17-октябрда чечилет. Бул тууралуу бүгүн мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мурда кабыл алынган норма боюнча эгер 5 күн бою орто эсеп менен абанын температурасы +8 болуп турса жылуулук берүү тууралуу буйрукка кол коюлат. Мэр Азиз Суракматов бүгүн эртең менен бардык тиешелүү жетекчилерди чогултуп Гидрометеоборбор менен байланышта болуп турууга буйрук берди. Шаршемби күнү да жыйын өтөт. Ошол жыйында аба ырайына жараша жылуулук берүү маселеси чечилет.

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Тоолорго кар жаады. Синоптиктер 16-октябрдан тартып аба дагы муздап, кар жаай турганын эскертишүүдө.