Борбор калаада быйыл жазында башталган жол курулуштарынын басымдуу бөлүгү бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Оңдоо иштери жүрүп жатканда жабылган бир катар көчөлөр ачылып, шаарда убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар жоюлду. Бир нече айланма жолдордун курулушу бүтүп, калаанын борбордук бөлүгүн эске албаганда көп бөлүгүндө тыгын да азая түшкөнсүдү. Ал эми азыр курулуп жаткан жолдордо жумуш суук түшкөнгө чейин улантылып, дагы бир нече чакырым жол бүткөрүлөт деп божомолдонууда.